Коммуналдык кызматтарга карызы барларга карата рейд. 1 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү

Коом 19 Февраль 2025 15:38
480457813_1058296103012910_3023355545628335078_n.jpg
481062700_1058296033012917_2847950889712999674_n.jpg
481024114_1058296023012918_1544298029179792531_n.jpg
480816737_1058295936346260_2560659260183807301_n.jpg
Алдыга
Артка
480457813_1058296103012910_3023355545628335078_n.jpg
481062700_1058296033012917_2847950889712999674_n.jpg
481024114_1058296023012918_1544298029179792531_n.jpg
480816737_1058295936346260_2560659260183807301_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Борбор калаада коммуналдык кызматтарга карызы барларды аныктоо боюнча рейд өтүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды аныктоого багытталган иш-чаралар «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын абоненттик базасынын өкүлдөрү менен бирге муниципалдык администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө адистер жашоочуларга төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби, карыздын мүмкүн болуучу кесепеттери жана өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришет.

Биринчи май районунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында тургундар коммуналдык кызматтарга болгон 250 миң сомдон ашык карызын төлөштү. Өз кезегинде Ленин районунун тургундары 750 миң сомдон ашык төлөшкөн. Октябрь районунун тургундары 120 миң сомго жакын, Свердлов районунун тургундары 67 миң сомдон ашык төлөшкөн.

"Карызы барларга карата колдонулуучу чараларды түшүндүрүүгө, ошондой эле карызды төлөөнүн варианттары жөнүндө маалымат берүүгө өзгөчө көңүл бурулат",-деп айтылат маалыматта.