Коммерциялык банкттардын бирине 21,6 млн сом айып салынды. Себеби

Экономика Загрузка... 09 Декабрь 2025 18:29
best-banks-2021-40543452.2e16d0ba.fill-1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Улуттук банк коммерциялык банктардын бирине 21 млн 600 миң сом айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, айып пул кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча мыйзам талаптарын жана ички көзөмөлдөө системасын уюштуруу талаптарын бузгандыгы үчүн салынды.