Көк-Арттагы энергетиктерге жаңыланган имарат жана атайын техника берилди

Аймак 516 28 Январь 2026 12:24
624188521_18091624010476120_6921978641872405782_n.jpg
623291468_18091623965476120_156408278419261229_n.jpg
623385983_18091624046476120_6443602652521617838_n.jpg
623395644_18091624082476120_6797980269904890633_n.jpg
623663767_18091623956476120_2869749225317198639_n.jpg
624079299_18091624064476120_153636409784357947_n.jpg
624089393_18091624073476120_2737229788067391037_n.jpg
624198009_18091623920476120_3133877840635123231_n.jpg
624529687_18091623929476120_5752478570723155750_n.jpg
624718456_18091624001476120_4800925199352221561_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Көк-Арт райондук электр тармактарынын жаңыланган имаратынын ачылыш аземине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган имараттын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2025-жылы март айында башталып, ошол эле жылдын ноябрь айында толугу менен жаңыланып бүткөн. Жаңыланган имарат 112 кызматкерге ылайыкташылган.

Долбоордун жалпы наркы 5,7 млн сомду түзүп, "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын өздүк каражатынын эсебинен каржыланды.

Иш-чаранын алкагында министр калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуунун сапатын мындан ары дагы жогорулатуу жана ыкчам тейлөө максатында Жалал-Абад электр тармактарынын кызматкерлери үчүн бир атайын техниканын ачкычын тапшырды.