Кой жүнүнөн жасалган экологиялык таза жер семирткич сыноодон өттү

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институту жана Кыргыз Улуттук агрардык университетин окумуштуулары койдун жүнүнөн өндүрүлгөн органикалык жер семирткичти сыноодон өткөрдү. 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришкендей, жүндүн бир катар агротехникалык артыкчылыктары бар:

  • Азотко бай (15% га чейин), ал акырындык менен бөлүнүп чыгат;
  • Күкүрт, аминокислоталар, кератин камтыйт;
  • Топурактын түзүлүшүн жакшыртат: жүн ным сактап, топуракты жумшартат;
  • Узак убакытта акырындык менен чирип, узак мөөнөттүү жер семирткич болуп берет.

Белгилей кетсек, койдун жүнүнөн өндүрүлгөн жер семирткичти колдонуу үчүн расмий сертификаттан өткөрүү жана аны туура колдонууну тууралуу нускамага көңүл буруу керек.