Кой эти арзандады – азык-түлүктүн баасына мониторинг

Экономика Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 14:35
photo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир жумада кой этинин баасы 0,2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүргүзгөн азык-түлүк бааларынын мониторингинин жыйынтыгында белгилүү болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, 23-июлга карата өлкөдө пияз 3,5 пайызга, сабиз 3 пайызга, тоок жумурткасы 2,7 пайызга, таңгакталган макарон азыктары (спагетти) 0,5 пайызга, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 0,3 пайызга, нан азыктары (тандыр нан) 0,1 пайызга, уй эти (сулп этинен башкасы) 0,1 пайызга жана кумшекер 0,1 пайызга жогорулаганы байкалды.

Министрлик ошондой эле Кыргызстандагы азык-түлүк бааларын Казакстан жана Россиядагы көрсөткүчтөр менен салыштырып чыккан.

Мониторингдин жыйынтыгында коңшу өлкөлөрдө да айрым азык-түлүк түрлөрүнүн баасы өзгөргөнү аныкталган.