Эне жана баланы коргоо борборуна заманбап реабилитациялык жабдуулар тапшырылды

Коом 11 сентябрь 2025 17:20
546377232_805805621846808_1665141449269542907_n.jpg
546611690_805753271852043_8228998689919254427_n.jpg
545771661_805806961846674_428842325030692152_n.jpg
546623975_805807135179990_159258597634347739_n.jpg
Алдыга
Артка
546377232_805805621846808_1665141449269542907_n.jpg
546611690_805753271852043_8228998689919254427_n.jpg
545771661_805806961846674_428842325030692152_n.jpg
546623975_805807135179990_159258597634347739_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда Rebless™ Planar инновациялык реабилитациялык жабдуусун расмий тапшыруу аземи болуп өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул жабдуу Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA жана H Robotics компаниясынын колдоосу менен Кыргызстанга гуманитардык жардам катары алынып келди.

Жабдуунун жалпы наркы 150 миң АКШ долларын түзөт.

Rebless™ Planar — бул неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийин бейтаптардын кыймыл-аракетин жана булчуң күчүн калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу жогорку технологиялуу робот-тренажёр. Ал өзгөчө балдардын реабилитациялык дарылоосунда натыйжалуу колдонула турган заманбап аппарат болуп эсептелет.

Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Корея өкмөтүнө, KOICA уюмуна жана H Robotics компаниясына ыраазычылык билдирди.

«Бул жабдуу балдардын заманбап калыбына келтирүүчү дарылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет жана медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатат», — деди министр.