KOICA Кыргызстандагы айылдарды өнүктүрүүгө 670 миң доллар берет

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 17:38
3.jpg
copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарындагы айылдарды өнүктүрүүгө багытталган "Менин айылым" долбоору боюнча жаңы колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик агенттик менен Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) долбоордун кийинки колдоосу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Меморандум 2019-2023-жылдары Чүй, Ош жана Баткен облустарынын 30 айылында ишке ашырылган "Менин айылым" долбоорунун жыйынтыктарын бекемдөөгө багытталган.

Долбоордун жаңы этабынын алкагында айылдардагы киреше алып келүүчү демилгелерди колдоо, түзүлгөн объектилерди калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу, жергиликтүү лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу иштери жүргүзүлөт.

Колдоонун жалпы көлөмү 670 миң долларды түзүп, долбоор 2026-2027-жылдары Ош жана Баткен облустарында ишке ашырылат.