Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити: Бишкекте фан-зоналар уюштурулат

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 15:10
1785917230_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин иш-чараларына карата Биринчи май районунун аймагында атайын фан-зоналар уюштурулат.

Мэриядан билдиришкендей, анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин жана саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрө алышат.

Фан-зоналар төмөнкү жайларда жайгашат:

  • Ч. Түлөбердиев атындагы парк (Кокчетав көчөсү менен Түлөбердиев көчөсүнүн кесилиши);
  • Гандбол аянтчасы – Токтоналиев көчөсү, 62.

Ар бир аянтчага 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз көрсөтүү үчүн чоң LED-экрандар орнотулат.

Түз көрсөтүү башталганга чейин келген коноктор үчүн эстрада ырчылары менен чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат.

Мындан тышкары, фан-зоналардын аймагында сүрөткө түшүүчү фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу жайлары иштейт.

Ошондой эле каалоочулар үчүн тогуз коргоол, чүкө, беш таш сыяктуу улуттук оюндар жана башка интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат.

Белгилей кетсек, фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ШКУ саммитинин өткөрүлүү датасына жакын кошумча жарыяланат.