Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн иши текшерилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Министрдин орун басарлары Октябрь Урмамбетов жана Суюнбек Ниязбеков коопсуздукту камсыздоодо видеобайкоо системаларынын ишине, ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө жана транспорт агымын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.
“Ошондой эле кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматкерлердин ар кандай кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даярдыгы текшерилди”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда ички иштер органдары оюндардын катышуучулары жана конокторунун коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.