Кочкор айылы жарыктандырылды

Аймак 30 сентябрь 2026 15:05
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Кочкор айылынын көрктөндүрүүгө жана инфраструктурасын жакшыртууга 27 млн сом бөлүнгөн. Анын 10 млн сому көчөлөрдү жарыктандырууга жумшалууда.

"Учурда Кочкор айылынын борборуна жарык берүүчү 42 заманбап мамы орнотулуп, ишке берүүгө даярдалууда. Ошондой эле Жаңы-Жол жана Теңдик айылдарына күн энергиясы менен иштеген жарыктар коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду аркылуу Кочкор районундагы 10 чакырым айланма жолго 318 күн энергиясы менен иштеген түнкү жарык берүүчү мамы орнотуу пландалууда.