Сокулуктун Комсомол айылында 1 чакырым жол жарыктандырылат

Аймак
Сокулуктун Комсомол айылында 1 чакырым жол жарыктандырылат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда Манас айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылынын тургунунун кайрылуусуна жооп берди.

Тургундун айтымында, айыл элинин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына жумушка жана окууга каттайт. Бирок шаардан кайтып келгенде, болжол менен 10 гектар аянтты ээлеген талаа аркылуу жөө басып, үйлөрүнө жетүүгө аргасыз. Караңгы киргенде бул аймакта мас адамдар чогулуп, чыр-чатактар болуп тургандыктан, айрыкча кыз-келиндердин коопсуздугуна коркунуч жаралууда.

Сокулуктун Комсомол айылында 1 чакырым жол жарыктандырылат

Ал коомдук транспорттун каттамын айылга чейин узартуу өтүнүчү менен мэрияга жана губернаторго бир нече жолу кайрылышканын, бирок маселе чечилбей жатканын билдирди.

Президент биринчи кезекте жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын белгилеп, узундугу бир чакырымдай болгон жолго кыска мөөнөттө көчө чырактарын орнотуу тапшырмасын берди.

"Эгерде бир чакырым жол кыздар үчүн кооптуу болсо, анда аким, сен арыз жаз. Биз ал жерге чырактарды орнотуп беребиз. Азыр бир чакырымга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Бул маселени ыкчам чечели", — деди мамлекет башчысы.

Ал эми автобус каттамын узартуу маселеси кошумча караларын айтты. Анткени автобустун айылга кириши үчүн коомдук транспорттун учурдагы каттам схемасын өзгөртүү талап кылынат.

Президенттин айтымында, бул маселе келерки жылдын март-апрель айларында жаңы чакан автобустар келгенден кийин кайра каралышы мүмкүн.