Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүндө жергиликтүү башкаруудагы бир катар иштер санариптик системалар аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Дарига Картанбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында айтып берди.
Анын маалыматына ылайык, айыл аймактын социалдык паспорту санариптик форматта жүргүзүлүп, анда жерлердин, үйлөрдүн жана калктын саны, анын ичинде жаш балдар менен окуучулар тууралуу маалыматтар камтылган.
Мындан тышкары, айыл өкмөтүнүн мүлкү Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестринде катталган. Ошондой эле жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна кезекте тургандардын электрондук тизмеси жүргүзүлөт.
Дарига Картанбаеванын айтымында, буга чейин райондогу башка айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү Гавриловкага келип, санариптик системалардын иштеши менен таанышып, тажрыйба алмашышкан. Айыл өкмөттүн кызматкерлери да зарыл болгон учурда кесиптештерине барып, системаларды колдонуу боюнча түшүндүрмө берип, көмөк көрсөтүп турушат.