Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарында Кочкор районундагы жаңы автобекеттин курулушун текшерди.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында министр бир катар курулуш объектилерине, анын ичинен жаңы курулуп жаткан автобекетке барды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Орунтаев объектини убактысынан кечиктирбей, курулуштун ар бир баскычы тыкыр көзөмөлдөн өтүп туруу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, эки кабаттуу заманбап автобекет республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат. Жалпы аянты 14 469 чарчы метри түзөт. Курулуш иштери заманбап стандарттардын негизинде аткарылып, жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын ыңгайлуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган.