Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-февралына караган түнү Кочкор районунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Анда 17 жаштагы 2 өспүрүм көз жумду. Учурда бирөө ооруканада. "Кабар" агенттигинин аймактык кабарчысы окуянын жагдайын жеринен баяндайт.
Маалым болгондой, кырсык болгон түнү унаанын ичинде бара жаткан 3 окуучунун тең ата-энелери Бишкекте болгон. Ошол түнү өспүрүмдөрдүн бири апасына таандык Киа К5 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыккан. Кочкор районунун Кара-Саз менен Кара-Суу айылдарынын ортосунан машина жолдон чыгып, аласалып кеткен. Андан соң жол жээгиндеги суу лотогуна урунган.
Кочкор райондук ЖКККБнын жетекчиси Азизбек Аблабек уулу бул окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
“Кырсык түнкү саат үчтөрдө катталды. Киа үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Саз айылынан күн батышты көздөй келе жаткан. Ичинде Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары болгон. Кырсык болгон кезде 3 өспүрүм тең тирүү болгон. Тез жардам унаасы балдарды райондук ооруканага алып барган. Тилекке каршы, 2 окуучу жандандыруу бөлүмүнөн көз жумду. Унааны башкарып бара жаткан бала хирургия бөлүмүнө түшкөн. Учурда абалы жакшы”,-деди ал.

Азизбек Аблабек уулунун айтымында, кырсыктын кесепети - ылдамдык. Жаш айдоочу тормозду басканга да үлгүрбөй калган.
“Катуу айдап бара жатып, рулга ээ боло албай унаа тоголонуп кеткен. Бул жерде тормоз тебилген эмес. Эгер тормоз тебилип, дөңгөлөктүн издери болгондо, ылдамдыкты аныктамакбыз. Биздин божомол боюнча бала жаш, тажрыйбасы жок болгондуктан ылдамдыктан эле алдаткан. Машина тоголонгондо эле 2 бала лотоктун аркы бетине ыргып кеткен. Айдоочу унаанын ичинде калган. Сыртка чыгып, жолдошторунун акыбалын көрүп, дароо 103кө чалган”,-деп белгилейт.
Жол инспекторлору ата-энелерге кайрылып, балдарга унаа бербөөгө чакырды.
“Өзүңүздөр үйдө жок кезде унааларыңардын ачкычын жаныңыздарда алып жүрсөңүздөр. Себеби, жашы жете элек балдар күн-түн дебей ата-энелеринин автоунаасын айдап кетип жатышат. Жол кырсыктарын болтурбоо, балдарыңыздардын өмүрүн сактоо жана башка адамдардын ден-соолугуна зыян келтирбөө үчүн унааңыздарды балдарга бербеңиздер!”,-деп айтылат маалыматта.