Кочкордогу нөшөрлүү жаан: 4 турист жана 7 өспүрүм коопсуз жайга чыгарылды

Кырсык 03 Июль 2026 11:05
737543903_1382856043694927_2056203942929882596_n.jpg
733514932_1322803426655161_7439992089002641389_n.jpg
735810430_27777036095319159_7434638319909027877_n.jpg
736182281_986815850899208_3074151652491348466_n.jpg
738330593_1047336701170550_7437359189486901044_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кочкор райондук администрациясы

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. 2-3-июлда Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар аймактарды суу каптады. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын негизинде Көл-Үкөк жайлоосунда жүргүзүлгөн коопсуздук иш-чараларынын алкагында 4 чет өлкөлүк саякатчы жана 7 жергиликтүү өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына аман-эсен жеткирилди. Ошондой эле дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, район боюнча 9 көпүрөнү суу алып кеткен.

"Учурда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар тилкелерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дарыялардын жээктерине, сайларга, каналдарга, көпүрөлөргө жана башка сел коркунучу бар аймактарга баруудан алыс болуу сунушталат. Ошондой эле ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоо эскертилет.