Кочкордогу борбордук стадион реконструкцияланууда

Аймак 27 октябрь 2025 15:55
whatsappimage20251027at145448-22068ff34252e62b0.01922173.jpg
whatsappimage20251027at145449-35868ff340e17a046.77253588.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251027at145448-22068ff34252e62b0.01922173.jpg
whatsappimage20251027at145449-35868ff340e17a046.77253588.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы борбордук стадиондо ири реконструкция иштери жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жатат.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты - улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Стадион жаштар үчүн райондук, республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө багытталган, маанилүү борбор болот.

Белгилей кетсек, стадион 1980-жылы курулуп, андан бери реконструкциядан өткөн эмес.