Кочкордо жаңы оорукананын курулушу башталды - эскиздери

Ден соолук 22 Сентябрь 2025 13:45
551840727_1298839588381754_1557758621956016063_n.jpg
552768251_1298839611715085_6271150905282795011_n.jpg
552809090_1298839561715090_8667391473606787272_n.jpg
549420040_1298839621715084_8618748690036861888_n.jpg
550082294_1298839538381759_6776766171582522381_n.jpg
550434471_1298839458381767_3229155112287465458_n.jpg
550774728_1298839528381760_2921896612860580097_n.jpg
551121998_1298839451715101_7016501675401581970_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кочкор районундагы жаңы оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Күн мурун курулуш министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, аталган оорукананын абалы менен таанышты.

Министр объектинин курулушун өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырып, мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Бул долбоор район тургундарына медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу жана дарылануудагы заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусундагы бир катар маанилүү социалдык объектилер курулат. Анын ичинде бул оорукананын курулушу дагы бар.