Жаанда китеп-дептери суу болгон күндөр артта калды: Кочкордук окуучулардын кубанычы

Аймак Загрузка... 13 Апрель 2026 16:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Каарманыбыз Динара Сеитова Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа айылындагы А. Абдыкеримов атындагы мектепте 30 жылдан бери талыкпай эмгектенип келет. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн агартуу тармагына арнаган мугалим жүздөгөн окуучуларды тарбиялап чыгарган.

Динара Сеитованын тарбиясын алган окуучулардын көбү анын жолун жолдоп, мугалимдик кесипти тандашса, айрымдары күч органдарында жана жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Бүгүнкү күндө ал аталган мектептеги жалгыз география мугалими.

"Эмгек жолумда беш бүтүрүүчү классты чыгардым. 1987-жылы туулган окуучуларым өтө изденчээк балдар эле. Ал кезде интернет жок болгонуна карабай, билимге болгон кызыгуусу күчтүү болчу. Азыр мүмкүнчүлүк көп, бирок балдардын изденүүсү азайып жатканы өкүндүрөт", — дейт каарман.

Динара Сеитова 10 жыл мурун пенсияга чыкканына карабастан, кесибине болгон сүйүүсү жана анын ордун баса турган жаш кадрлардын жоктугунан улам бүгүнкүгө чейин ишин улантып келет. Ошону менен катар элет мугалими мектептеги шарттын жоктугуна да токтолду.

"Мектепти жылытуу эң чоң көйгөй. Имарат эски, полдору тешик болгондуктан, кышында ичи абдан суук болот. Айрым учурларда окуучулар менен бирге сырт кийимчен сабак өтүүгө туура келет", — деп кошумчалады ал.
WhatsApp Image 2026-04-13 at 07.11.04 (3).jpeg

Кочкор районундагы Азис Абдыкеримов атындагы орто мектеби 1982-жылы ашар жолу менен курулган. Учурда бул билим уясында 140 окуучу окуп, 23 мугалим эмгектенүүдө. Бирок 40 жылдан ашуун убакыт ичинде имарат эскирип, дубалдары жарылып, шыбы ийилип, пайдаланууга кооптуу абалга келген.

Мына ушул себептен улам, 2024-жылы жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 90 пайызы бүткөрүлдү. Жакынкы арада айылдагы окуучулар заманбап шарттары бар жаңы мектепте окуусун улантышат.

WhatsApp Image 2026-04-13 at 07.11.05.jpeg
"Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу имаратта заманбап спорт зал, ашкана жана футбол аянтчасы болот. Ошондой эле жылытуу системасы толугу менен жаңы стандарттарга ылайык чечилет", — дейт А. Абдыкеримов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Алтынбек Жоодатов.

Мектепте окууга дилгир, билимге кызыккан улан-кыздар арбын. Окуучулардын айтымында, сапаттуу билим алуу үчүн имараттын абалы тоскоолдук жаратпайт, бирок заманбап шарттары бар мектепте окуу алардын көптөн берки кыялы болчу.

Эми жакында агартуу очогундагы шарттар түп-тамырынан өзгөрмөкчү. Мындан улам мугалимдер да, окуучулар да жаңы имаратта дагы да мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүгө белсенип турушат.