Кочкордо күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө

Аймак Загрузка... 18 Март 2026 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кочкордо күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган агенттик Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Энергетика министрлиги менен биргеликте Коңорчок айылында кубаттуулугу 150 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду илгерилетүүнүн жыйынтыктоочу этабына келишти.

Долбоор Эл аралык каржы корпорациясынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда жана өлкөдө калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүнүн алкагындагы кадамдардын бири катары каралууда.

“Жашыл” энергетиканы өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн энергетика тармагы үчүн маанилүү экенин айтты.

“Ал кайра жаралуучу энергетика секторуна жеке инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт”, - деп белгиледи ал.

Анын айтымында, мындай демилгелерди ишке ашыруу энергия булактарын диверсификациялоо жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.