Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда кубаттуулугу 10 МВт болгон күн электр станциясын куруу долбоору талкууланды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Аманкан Кенжебаев долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Ага "Солар Энерджи Араван Групп" компаниясынын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жыйында Октябрь айылында куруу пландалып жаткан станциянын долбоордук абалы, жер тилкесин бөлүү жана уруксат документтерин тариздөө маселелери каралды.
Ыйгарым укуктуу өкүл долбоорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруу үчүн тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди.