Кочкор районунун социалдык инфраструктурасын жакшыртууга 900 млн сом бөлүнөт

Аймак 6 сентябрь 2025 17:17
543092226_1625905218368480_7799973790658557277_n.jpg
543168076_1625905068368495_857394519577588462_n.jpg
543195857_1625905278368474_2309229155529970773_n.jpg
543199817_1625905048368497_1390430730542202305_n.jpg
543397908_1625905088368493_5074543989849930095_n.jpg
544481210_1625905095035159_7460169561980771418_n.jpg
544561549_1625905065035162_1224190862741301353_n.jpg
544629512_1625905155035153_2892351572741445976_n.jpg
544681310_1625905231701812_2046515862673305594_n.jpg
544797267_1625905041701831_5349399794517240810_n.jpg
544812560_1625905261701809_569005030978211765_n.jpg
545373751_1625905161701819_4802527057485255684_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Кочкор районунун социалдык жана спорттук инфраструктурасын жакшыртууга жалпы 900 миллион сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кочкор районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, сапардын алкагында Ташиев райондогу бир катар ири социалдык маанидеги объектилерди жеринен көрүп чыкты. Анын ичинде райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун абалы менен таанышып, аны түп-тамырынан жаңылоо зарылдыгын белгиледи. Жаңы долбоор боюнча төрт кабаттан турган эки имарат жана дарыгерлер үчүн атайын жатакана курулат. Бул ири иштерге 500 млн сом багытталат.

Мындан тышкары, маданий-спорттук чөйрөгө да көңүл бурулду. Ормон-Хан атындагы стадионду кеңейтүү жана кошумча шарттарды түзүү үчүн 100 млн сом бөлүнсө, ошол эле айылдагы 5 гектар аянттагы сейил бакты толук реконструкциялоого дагы 100 млн сом жумшалат. Бул өзгөрүүлөр жергиликтүү калк үчүн эс алуу жана маданий жайларды жаңы деңгээлге чыгарат.

Ал эми спортко кызыккан жаштар үчүн өзүнчө жакшы жаңылык бар: Кочкор райондук спорт мектеби заманбап талаптарга ылайык жаңы спорт комплекси болуп курулат. Аталган долбоорго 200 миллион сом каралган.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө бул иш-чаралардын максаты Кочкор элине ыңгайлуу шарттарды түзүү, аймактын өнүгүшүнө түрткү берүү экенин белгилеп, райондун жетекчилигине долбоорлорду тез арада ишке ашырууну тапшырды.