КНС боюнча тобокелдик белгилери бар товарлардын тизмеси жаңыланды

Экономика Загрузка... 03 Декабрь 2025 17:57
3116395.bfa6745efdfb7bc66e5c5e6c11ea8e9c.500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Товарлардын позициялары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоочу субъекттердин кайрылууларынын негизинде кайра каралып жана жаңыланды.

Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги бөлүгү социалдык маанилүү товарларга тиешелүү жана импорттук операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле ички рынокто баалардын туруктуулугун камсыздоого багытталган.

Мисалы, ТЭИ ТН 703101900 коду менен "Пияз" үчүн товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы мурда 30,20 сом болсо, өзгөртүүлөрдөн кийин 10,41 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Товарлардын тизмеги менен Салык кызматынын sti.gov.kg сайтындагы "Билим базасы" – "Евразия экономикалык бирлиги" бөлүмүнөн таанышууга болот.