Күн панелдери жана коопсуздук: Манаста заманбап үлгүдөгү мектептер курулат

Аймак 25 Февраль 2026 16:00
641592051_1423450265920685_295448510753129188_n (1).jpg
641664655_1423450372587341_3705297550476873168_n.jpg
641756587_1423450545920657_3348509922415613053_n.jpg
641636107_1423450462587332_5642580620531094876_n.jpg
641695187_1423450572587321_5016115238428383109_n.jpg
641633763_1423450422587336_2680001499898482640_n.jpg
641629428_1423450345920677_7759156179627788082_n.jpg
641640944_1423450289254016_7458478539787352310_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды.

Аталган тапшырманын алкагында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, ошондой эле тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Манас шаарында курула турган жаңы мектептердин курулуш аянттары менен жеринде таанышты.

Нурдан Орунтаев курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Долбоорго ылайык, жаңы мектептердин кубаттуулугу 275тен 650 орунга чейин каралып, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалат. Имараттарда аба алмаштыруу жана өрт өчүрүү системалары жаңы технологиялардын негизинде орнотулуп, окуучулардын коопсуздугуна жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле мектептерди күн панелдери аркылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу каралып, бул өз кезегинде энергияны үнөмдөө жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, мектептердин курулушу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан башкы подряддык уюм катары жүргүзүлөт. Ал эми курулуш иштеринин сапатын, белгиленген талаптарга жана мөөнөттөргө ылайык аткарылышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти туруктуу негизде көзөмөлдөйт.