Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев күн мурун Ысык-Көл облусунда энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы иштер менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, алгач министр Тору-Айгыр аймагында "Юнигрин" компаниясы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясынын иши менен жеринде таанышты. Анда компаниянын техникалык директору Тимурлан Кадинов аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди.
Учурда аткарылган иштер:
- участокторду пландаштыруу – 80 пайыз;
- тосмо орнотуу – 95 пайыз;
- 1-кезектеги таяныч конструкцияларын жеткирүү – 50 пайыз;
- 1-кезектеги таяныч конструкцияларындагы казыктарды бекитүү – 6 пайыз;
- сел сактагычтарды, анын ичинде агып чыгуучу каналдарды, дренаждык көлмөлөрдү куруу – 50 пайыз;
- 220 кВ чубалгылар үчүн чуңкурларды даярдоо – 40 пайыз;
- таянычтарды чогултуу жүрүп жатат.
Кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясын 2026-жылдын 31-августуна чейин ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, министр "РЭЦА" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди. Компаниянын долбоордук директору Фам Минь Баг, курулуш обьектисинин менеджери Нгуен Минь Туан менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы тууралуу маалымат алды.
Алардын айтымында, 17 МВт күн элек станциясын куруу иштери 10 пайызга аткарылды.
Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай курулуп бүтүп, көмөкчордондун пайдубалы жана 110 кВ электр линиясынын 50 пайызы коюлду. 175 МВт кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасынын курулушун 2026-жылдын биринчи жарымында аяктоо пландаштырылууда.