Күн ачык болот – 25-декабрга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 25 Декабрь 2025 08:50
WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.22.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +1... +6, Талас облусунда +2… +7, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2... +7, Ысык-Көл облусунда 0... +5, Нарын облусунда -1... -6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында +2... +4 градус жылуу болот.