Өкмөттүн тапшырмасы: Улуттук элементтер менен жаңы дресс-код

Коом Загрузка... 19 Май 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-05-19 at 17.52.44.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Өкмөттүн жаңы чечими

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Буга ылайык, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мындай чечим кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө жана электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган. Ошол эле учурда кондиционерлерди колдонууга тыюу салынбай турганы айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул демилгени Япониядагы тажрыйба менен салыштырды.

“Японияда кызматкерлер костюм жана галстуктан баш тартып, жеңил кийим менен ишке келе баштагандан кийин электр энергиясын үнөмдөө кыйла жогорулаганы байкалган”, - деди жыйында.

Жаңы форманын үлгүсү даярдалууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, министрликке өкмөт тарабынан берилген бул тапшырма аткарыла баштады.

“Азыр бул багытта иштер жүрүп жатат. Кыргыз улуттук элементтерин камтыган эскиздерди даярдоо үчүн өлкөдөгү белгилүү дизайнерлерге кайрылдык. Даяр болгон эскиздер министрлер кабинетине жөнөтүлдү. Учурда кездемелерди Түркиядан күтүп жатабыз. Алар келгенден кийин 1-2 үлгү тигилип көрсөтүлөт. Андан соң акыркы чечим кабыл алынат”, - деди министр.

Анын айтымында, тапшырманын негизинде бир нече дизайнер өз варианттарын сунуштаган. Көйнөктөрдүн 3-4 үлгүсү даярдалат. Алардын арасында узун жеңдүү жана кыска жеңдүү варианттар болот.

“Негизги талап - ыңгайлуулук. Биз аны бардык мамлекеттик кызматкерлер кийиши керек деген талаптан алыспыз. Бирок кийимдерде улуттук элементтер сакталат. Маселен, ак көйнөктүн жакасына кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлөт. Азырынча сөз жайкы көйнөк тууралуу гана болууда. Кийинчерээк кышкы кийимдер боюнча да сынак жарыяланып, иш улантылат”, - деди ал.

Министр ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форма киргизүү демилгеси буга чейин да көтөрүлгөнүн, бирок колдоо таппай калганын белгиледи.

2003-жылы да мамлекет тарабынан мамлекеттик кызматкерлердин атайын форма кийүү жана төш белгилерин тагып жүрүү эрежелери сунушталган. Атайын форма расмий жыйындарда, мааракелерде, чет өлкөлүк делегациялар менен жолугушууларда кийилет деп белгиленип, бирок демилге ишке ашкан эмес.

Башка өлкөлөрдө кандай?

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мамлекеттик кызматкерлердин дресс-коду улуттук маданият менен айкалыштырылып колдонулат.

Бутан бул багытта эң катуу система киргизген өлкө болуп саналат. Анда “Driglam Namzha” деп аталган улуттук этикет жана дресс-код системасы бар. Анын негизинде мамлекеттик мекемелерде жана расмий иш-чараларда улуттук кийим - эркектер үчүн “го”, аялдар үчүн “кира” милдеттүү түрдө кийилет. Бул система маданий иденттүүлүктү сактоого багытталган.

Индонезияда болсо мамлекеттик кызматкерлер үчүн батик кийүү кеңири колдонулат. Көптөгөн мамлекеттик мекемелерде жума күнү “батик күнү” катары белгиленип, кызматкерлер улуттук оймо-чиймелүү кийим кийишет. Бирок бул жалпы мамлекеттик деңгээлде катуу милдеттүү форма эмес, административдик практика катары ишке ашат.

Малайзияда улуттук кийимдер — “баджу мелайю” жана “баджу курунг” мамлекеттик кызматта кеңири тараган. Айрым мекемелерде алар жума күндөрү же расмий иш-чараларда кийилет. Бирок бул жалпы өлкө боюнча милдеттүү мыйзамдык форма эмес, тескерисинче мамлекеттик маданиятты жайылтуу практикасы болуп саналат.

Японияда мамлекеттик кызматта негизги дресс-код классикалык бизнес-стиль болуп эсептелет. Ал эми жайкы мезгилде энергия үнөмдөө максатында “Cool Biz” кампаниясы аркылуу галстуксуз жана жеңил кийим менен иштөөгө уруксат берилет. Улуттук кийим элементтери болсо негизинен маданий жана символикалык иш-чараларда гана колдонулат.

Сауд Аравиясында салттуу кийим — “тоби” кеңири колдонулат жана бул маданий норма катары кабыл алынган. Бирок ал мамлекеттик кызмат үчүн атайын мыйзам менен бекитилген форма системасы эмес.

Ал эми коңшу Өзбекстанда Ташкент шаардык бийлигинин демилгеси менен мамлекеттик кызматкерлерге жумушта улуттук кийим кийүүнү жайылтуу сунушталган.

Ошондой эле Кыргызстан жаңы киргизип жаткан эреже - мезгилдик жеңил кийинүү Япониядан сырткары, Түштүк Кореяда, АКШда жана Түркияда бар. Түркияда "галстуксуз иштөө мезгили" деп аталат. Мөөнөтү өлкө бийлиги тарабынан белгиленет.