Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын декабрь айында жеткириле турган күмүштүн фьючерс баасы Comex биржасында (Нью-Йорк товардык биржасынын бөлүмү) троя унция үчүн 45 доллардан жогору көтөрүлдү. Мындай көрсөткүч 2011-жылдын 3-майынан бери биринчи жолу болуп жатат. Бул маалымат соода аянтчасынын маалыматтарына ылайык берилген.
Москва убактысы боюнча саат 11:07де баалуу металлдын баасы 1,68%га өсүп, троя унция үчүн 45,01 долларды түздү. Саат 11:25ке карата күмүштүн баасы өсүшүн улантып, 1,95%га жогорулап, 45,13 долларга жетти.
Ошол эле учурда 2025-жылдын декабрь айына карата алтын фьючерсинин баасы Comex биржасында 3 790,8 доллар деңгээлинде болуп, 0,63%га жогорулады.