Күмүштүн баасы 2011-жылдан бери биринчи жолу унция үчүн 47 доллардан ашты

Экономика Загрузка... 29 Сентябрь 2025 10:45
a92dc776e7b1f86c767.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Дүйшөмбү күнү күмүштүн баасы бир унция үчүн 47 доллардан ашып, соода маалыматтарына караганда акыркы 14 жылда биринчи жолу кымбаттады.

Москва убактысы боюнча саат 7:14кө карата Нью-Йорктогу Comex биржасында декабрь айындагы күмүш фьючерстеринин баасы 1,22% кымбаттап, унциясы үчүн 47,225 долларды түздү. Бул баа 2011-жылдын 2-майынан бери биринчи жолу унция үчүн 47 доллардан жогору көтөрүлдү.

Ошол эле учурда декабрь айындагы алтын фьючерстери 16,12 долларга же 0,42%га кымбаттап, троя унциясы үчүн 3825,12 долларды түздү.