КМШнын лидерлери чек ара коопсуздугун чыңдоону макулдашты

Саясат Загрузка... 10 Октябрь 2025 18:10
photo_5425040090444.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. КМШ мамлекеттеринин лидерлери 2026–2030-жылдарга карата Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы чек араларындагы чек ара коопсуздугун чыңдоо боюнча мамлекеттер аралык кызматташуу программасын кабыл алышты. Тиешелүү документке КМШга мүчө мамлекеттердин башчылары кол коюшканын РИА Новости кабарлады.

Кремлдин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында жалпысынан 19 документке кол коюлду.

«Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин 2026-2030-жылдарга алардын тышкы чек араларында чек ара коопсуздугун чыңдоо боюнча кызматташуу программасы жөнүндө» чечим», - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, КМШ мамлекет башчылары «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча 2026-2028-жылдарга кызматташуу программасы» жөнүндө чечим кабыл алышты.