Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. 15-20-июль күндөрү Тажикстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттер арасындагы Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн эл аралык кароо-сынагына өлкөнүн атынан катышкан кызматкерлер жана мектеп окуучулары Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, аларды башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков баштаган жетекчилер салтанаттуу тосуп алып, каалоо-тилектерди билдирүү менен балдарды ата-энелерине өткөрүп беришти.
Тажикстанда өткөрүлгөн КМШнын Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн эл аралык кароо-сынагына Чүй облусунун Макиш Койбагаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары катышты.
Өспүрүмдөр КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстандын желегин желбиретип, татыктуу орундарга жана баалуу байгелерге ээ болушту.