КМШ өлкөлөрү финансыны башкарууда тажрыйба алмашууну макулдашты

Экономика Загрузка... 23 Сентябрь 2025 09:00
1234.jpg.resize_0_1200.jpg
copyright icon Кабар Финансы министрлиги

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Москва шаарында өткөн Финансылык форумдун алкагында КМШга кирген мамлекеттердин финансы органдарынын мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюлду.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан меморандумга министрдин орун басары Эрнст Калдыбаев кол койду.

Документке Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстандын тийиштүү органдары кол коюшту.

Документтин негизги максаты - көп тараптуу өз ара кызматташууну бекемдѳѳ жана КМШ өлкөлөрүнүн финансы органдарынын арасында тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик коомчулукту түзүү.

Кызматташууда бюджеттик реформаларды ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мыкты тажрыйбаларды изилдөө жана киргизүү, анын ичинде бюджетти пландоо жана аткаруу маселелери, ошондой эле бюджеттик чыгашалардын натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.