Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин детутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргызстандын аймагында КМШ байкоочулар миссиясынан 150 байкоочу көз салат. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин биринчи башкы катчысынын орун басары, КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Игорь Петришенко билдирди.
Анын айтымында, бүгүндөн тарта миссиянын атайын штабдары ачылат.
“КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы 16- шайлоого көз салууда. Биз эл аралык укуктук-нормативдик базалардын алкагында иш жүргүзөбүз, анда атайын бекитилген алгоритмдер бар: байкоолор өлкөнүн ички иштерине, жарандардын добуш берүү эркиндигине кийлигишүүсүз болот. Байкоочуларыбыз биз аныктаган шайлоо тилкелеринде байкоо жүргүзөт. Алар шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жасашат. Шайлоо аяктагандан кийин мониторингдин жыйынтыгы менен салтка айланып калгандай, 1-декабрда тааныштырабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Игорь Петришенко бүгүн, 10-ноябрда БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен жолукканда шайлоочулардын кантип добуш бере тургандыгы көрсөтүлгөнүн, бир шайлоочу бир гана ирет добуш бере турганына күбө болгонун айтты.

“Мыйзамдарга ылайык, бир жаран бир гана ирет добуш бериши керек. Боршайком шайлоодо автоматташтырылган система добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздай тургандыгын белгиледи. Биз байкоо маалында бул учурларга да маани беребиз. Шайлоочулардын добуш берүү укугун камсыздоо үчүн аралыктан да добуш берүүгө шарттар түзүлгөнүн БШК төрагасы айтып өттү. Мен кыргыз элине алдыдагы шайлоого өз конституциялык укугун пайдаланып, добуш берүүсүн каалайт элем. Биз үчүн алдыңкы санарип технологияларын колдонуу менен шайлоонун өткөрүлүшү жаңы тажрыйба болуп эсептелет”, - деп кошумчалады ал.