Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги айтылды

Коом 6 октябрь 2025 14:50
1728276587.1266528179 (1).jpeg
68dfd5cdb09ef-thumb.jpg
Алдыга
Артка
1728276587.1266528179 (1).jpeg
68dfd5cdb09ef-thumb.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Калк үчүн көмүрдүн баасынын ыксыз көтөрүлүшүнө жол бербөө керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди.

Жыйында Адылбек Касымалиев бааны жогорулатпоо боюнча Монополияга каршы кызматына катуу тапшырма койду.

Ошондой эле төрага бардык облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын кышка карата даярдыгы боюнча баяндамаларын угуп, калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоо үчүн бир катар тапшырмаларды берди.