Көмүр сатып алдыңызбы? Кампалардын даректери жана баалар

Коом
Көмүр сатып алдыңызбы? Кампалардын даректери жана баалар
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыш мезгили жакындап калгандыктан, жарандарга суук түшкөнгө чейин көмүрдү алдын ала сатып алып, отун камдоо сунушталат. Учурда өлкө боюнча “Кыргызкөмүр” ААК менен келишимдик негизде бир нече көмүр сатуу базалары иштеп, калкты жеткиликтүү баада отун менен камсыз кылууда. Бишкек шаарындагы “Кыргызкөмүр” менен иштешкен кампаларда көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда.

“Кыргызкөмүр” ААКсы калкты кар түшкөнгө чейин көмүрдү алдын ала сатып алууга чакырат. Мекемеден “Кабар” агенттигине билдиришкендей, учурда республика боюнча “Кыргызкөмүр” менен келишимдик негизде 231 отун базасы иш алып барууда. Алардын ичинен 196 отун базасы өлкөнүн түндүк аймагында, ал эми 35 отун базасы түштүк аймакта жайгашкан.

Белгилей кетсек, отун базаларынын даректерин 2ГИС тиркемесинен, Bazar.kg сайтынан ошондой эле “Кыргызкөмүр” ААКтын социалдык тармактардагы расмий баракчаларындагы бекитилген жарыялардан көрүүгө болот.

Көмүрдүн баасы

“Кыргызкөмүрдөн” маалымдашкандай, көмүрдүн баасы аймакка жана жеткирүү аралыгына жараша айырмаланат. “Кыргызкөмүр” ААКсы менен келишим түзүп иш алып барган ишкерлердин кампаларындагы көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленет. Мисалы, Бишкек шаарындагы мындай кампаларда көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сомду түзөт.

Бишкектеги көмүрдү сатуу пункттарынын даректери:

Күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында Бишкек шаарынын райондорунда калк үчүн көмүр базалары жана отун сатуу пункттары иштеп жатат.

Свердлов районунун аймагында калкка көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:

  • Достоевский көчөсү, 1 — тел.: 0550 288 881;
  • Төмөнкү Ала-Арча жаңы конушу, Кыргыз көчөсү, №902 контур — тел.: 0505 28 07 02;
  • Маевка айылы / Төмөнкү Ала-Арча жаңы конушу, Кыргыз көчөсү, №818 контур — тел.: 0706 72 24 44;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, 16 — тел.: 0701 95 77 77;
  • Лебединовка айылы, Калинин көчөсү, 1-линия, 8/1 — тел.: 0705 11 86 11;
  • Ленинское айылы, айланма жол, №963 контур (Дордой-2) — тел.: 0705 72 57 55;
  • Келечек конушу, 14-көчө, №9 — тел.: 0501 11 11 86;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушу, Курманалиев көчөсү, Элебесов көчөсү менен кесилишинде — тел.: 0708 60 43 91.

Ленин районунун аймагында калкка көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:

  • “Ак-Ордо” конушу, Аят көчөсү, Э. Иманалиев көчөсү менен кесилишинде, контур 98 — тел.: 0502 50 03 04;
  • Новопавловка айылы, Крупская көчөсү, 283А — тел.: 0702 088 97 01;
  • Мурман көчөсү, 67А — тел.: 0705 718 77 71;
  • Мурман көчөсү, 126 — тел.: 0708 73 80 79;
  • Сарыкулов көчөсү, 6Б (Алыкулов көчөсү) — тел.: 0703 13 67 51;
  • Алыкулов көчөсү, 3 — тел.: 0708 98 24 55;
  • Дэн Сяопин көчөсү, 306 — тел.: 0709 99 06 53;
  • Мурман көчөсү, 122, 122А — тел.: 0704 81 81 81;
  • Дэн Сяопин көчөсү, 308 — тел.: 0702 88 28 78;
  • Алыкулов көчөсү, 1д/1 — тел.: 0555 94 88 94;
  • Махатма Ганди көчөсү, 79-контур — тел.: 0701 91 60 50.

Биринчи май районунун аймагында көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:

  • Иманалы Айдарбеков көчөсү (мурдагы Жаш Гвардия көчөсү), 337 — тел.: 0705 17 11 85;
  • Түндүк айланма жол, №383 контур — тел.: 0707 55 46 55;
  • Саадаев көчөсү, 8Б — тел.: 0706 63 35 50;
  • Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50 — тел.: 0704 15 05 08;
  • Озерное айылы, негизги жолдун боюнда — тел.: 0700 87 08 41;
  • Дача-СУ, “Триотажник Б.Ш.” — тел.: 0708 55 51 30.

Октябрь районунун аймагында көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:

  • Көк-Жар жаңы конушу, Достоевский көчөсү, 97К — тел.: 0705 41 48 03;
  • Көк-Жар жаңы конушу, Полевая көчөсү, 1/7 — тел.: 0557 09 99 11;
  • Кара-Жыгач жаңы конушу, Сары-Өзөн/Обрен көчөлөрү, 1/1 — тел.: 0709 40 40 51;
  • Лев Толстой көчөсү, б/н — тел.: 0709 99 06 53.

Көмүрдү сатып алуу боюнча шаар тургундары көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу кайрыла алышат.

Кара-Кечеде көмүр казып алуу бир миллион тоннага жетти

Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылы көмүр казып алуунун жылдык планы 1,6 млн тоннаны түзөт. Кара-Кече кенинде октябрь айында эле 1 млн тонна көмүр казылып алынды. Бул жылдык пландын 62,5 пайызы аткарылганын билдирет. Бул көрсөткүч 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана көмүр казып алуу иштери уланып жатканын көрсөтөт.

"Кыргызкөмүр" ААКтын башкы директору Рустамбек Садыралиев жарандарды суук түшкөн акыркы апталарга чейин күтпөстөн, кыш мезгилине керектүү көмүрдү алдын ала сатып алып, отун камдоого чакырат.

"Аба ырайынын суукташы менен көмүр базаларында көмүр көбүрөөк сатыла баштады. Ага чейин көмүр өтпөй жаткан. Бүгүнкү күндө көмүр менен элди камсыз кылуу министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жергиликтүү бийликтерге жүктөлгөн. Көмүр менен камсыздоо маселеси айыл өкмөттөн тартып, райондук жана облустук администрацияларга дайындалган. Биз көмүр өндүрүүчү компания катары эле көмүр казуу менен алектенебиз. Көмүр алуучулар биз менен келишим түзүү менен иштешет. Учурда социалдык көмүр кампа деп 190дой ишкер менен келишим түзгөнбүз. Көмүр кампалары уюштурулуп, учурда иш алып барууда. Мисалы, Бишкек, Чүй өрөөндөрүндөгү көмүр саткан кампалардын даректерин биздин сайттан, социалдык баракчаларыбыздан жана 2GIS тиркемесинен карасаңыздар болот. Бардык маалыматтар ошол жерде жайгаштырылган”, - деди Садыралиев.

Сатуу түйүндөрүндөгү көмүрдүн учурдагы көлөмү

"Кыргызкөмүр" ААКсынан билдиришкендей, 2026-жылдын 15-октябрына карата отун базаларындагы көмүрдүн калдыгы төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 10 579,50 тонна;
  • Чүй облусу — 15 275,10 тонна;
  • Ысык-Көл облусу — 11 243,50 тонна;
  • Нарын облусу — 4 961,35 тонна;
  • Талас облусу — 1 192,25 тонна;
  • Жалал-Абад облусу — 324,20 тонна;
  • Ош облусу — 98,79 тонна.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында өлкө боюнча көмүр казуу жана калкты отун менен камсыздоо иштери уланууда. Жарандар көмүр сатуу базаларынын даректерин жана бааларын көрсөтүлгөн байланыш телефондоруна чалып тактап алса болот.

Эскерте кетсек, “Кыргызкөмүр” менен иштешпеген базалардагы көмүрдүн баасы көрсөтүлгөн баадан айырмаланышы мүмкүн. Көмүрдүн баасы аймакка жараша айырмалангандыктан, сатып алардан мурун тиешелүү маалыматты тактап алуу сунушталат.