КММА Астана медициналык университети менен кызматташат

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 14:44
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Астана медициналык университетинин ортосунда медициналык билим берүү жана илим тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кол коюу аземи Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 5-жолку жолугушуусунун алкагында орун алды.

Келишимдин максаты — аймактагы алдыңкы медициналык жогорку окуу жайлардын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү. Меморандум алкагында окутуучулар менен студенттерди академиялык алмашуу, биргелешкен илимий жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле инновациялык билим берүү технологияларын киргизүү сыяктуу бир катар ишмердүүлүктөрдү камтыйт.

Тараптар бул меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Казакстандын медициналык билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп эсептелерин билдиришти. Ошондой эле, ал илимий потенциалды өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Документке кол коюу иш-чарасы өз ара түшүнүшүү жана эки өлкөнүн саламаттык сактоо системаларынын кызыкчылыгы үчүн мындан аркы кызматташтыкка болгон өз ара кызыгуу шартында өттү. Бул өнөктөштүк Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды чыңдоого да салым кошмокчу.