ӨКМге 100 жыл: Каармандыктын символу болгон жаңы эстелик ачылды

Коом 15 июнь 2026 16:00
1781516339.jpg
1781516350.jpg
1781516346.jpg
1781516343.jpg
1781516328.jpg
1781516325.jpg
1781516321.jpg
1781516317.jpg
1781516385_large.jpeg
Алдыга
Артка
1781516339.jpg
1781516350.jpg
1781516346.jpg
1781516343.jpg
1781516328.jpg
1781516325.jpg
1781516321.jpg
1781516317.jpg
1781516385_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Акжол Үсөн уулу ошондой эле кызматтын ардагерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын скверинде орнотула турган өрт өчүрүүчү унаа-эстеликтин бет ачары болду. Бул унаа өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын бир нече муунунун каармандыгынын, жан аябастыгынын жана өз кесибине берилгендигинин символу болуп калат.

Айбек Жунушалиев кызматкерлерди жана ардагерлерди маараке менен куттуктап, алардын эмгегинин өзгөчө маанисин белгиледи.

"Сиздердин кызматыңыздар  бул жогорку кесипкөйлүктү, эркти жана жан аябастыкты талап кылган күнүмдүк эрдик. Коркунучтарды жеңип, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен сиздер эң баалуу нерсени — адам өмүрүн сактап келесиздер. Өрт өчүрүүчү-куткаруучу кесиби — бул руху күчтүү жана кайраттуу адамдардын иши", — деп белгиледи мэр.

Ошондой эле борбор калаанын башчысы ӨКМ башкармалыгынын скверин толугу менен реконструкциялоо пландары тууралуу билдирди. Көрктөндүрүү иштеринин алкагында коомдук мейкиндик жаңыланып, футбол аянтчасы жана эс алуу менен иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу башка объектилер курулары пландалууда.