Бишкек 31.08.25 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу токой кызматына "Jak" үлгүсүндөгү 30 жаңы унаа тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМ министри Бообек Ажикеев фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Министр унааларды тапшырып жатып, токойчулардын жумушу ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү экенин белгиледи.
“Эгемендүүлүк майрамына карата токой тармагына чоң дем берилди. Бул биз үчүн абдан чоң сүйүнүч.
Андан сырткары облустук административдик кеңсе салынды. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш компаниясы мурунку колониянын ордуна бир жылдын ичинде салып бүтүрдү. Бизде болуп жаткан өзгөрүүлөр техникалар алынабы, кеңселер салынабы же эс алуучу зоналар курулабы мунун баары бюджеттен каржыланып, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы, Камчыбек Ташиевдин көзөмөлдөөсү менен ишке ашырылууда”,-деди.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында 44 токой чарбасы жана 2,5 миллион гектар токой аянты бар. Токой кызматыны акыркы жылдары миллондогон жаш көчөттөрдү отургузуу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, токой аянтын көбөйтүү, коргоо аракеттерин көрүп келүүдө.