Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган 3 жаңы мектеп ишке берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мектептер ERIK долбоору алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулуп, 29-августта расмий түрдө президентинин катышуусунда онлайн форматта пайдаланууга берилген.
30-августта Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов баштаган делегация жаңы мектептер менен таанышып, шарттарды текшерди. Делегацияга Билим берүү министрлигинин, Дүйнөлүк банктын жетекчилери жана ӨКМдин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарынын айтымында, учурда ӨКМ республика боюнча 40 мектепти куруу жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүп жатат.
“Негизги максат – жер титирөө болгон учурда окуучулардын коопсуздугун камсыздоо. Бул максатта Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Шарк айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулду”, - деди ал.
№125 Боболашкар мектеби 225 окуучуга ылайыкталган. Имаратта химия жана физика кабинеттери, китепкана, кеңештер залы, медициналык блок, ошондой эле бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылуу үчүн пандус жана лифт бар.
Билим берүү министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев мектептер жаратылыш кырсыктарга туруктуу, энергоэффективдүү болуп курулгандыгын белгилеа, кабинеттер толук жабдылган жана окуучуларга сапаттуу билим алууга бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы №103 мектеп 150 окуучуга ылайыкталган жана заманбап талаптарга ылайык курулган. Мектептер заманбап жабдуулар менен камсыздалды: парталар, спорттук инвентарь, компьютерлер, интерактивдүү такталар, лабораториялар жана ашкана техникасы бар. Үзгүлтүксүз окутуу үчүн резервдик генераторлор жана класстарда ыңгайлуу абаны камсыз кылуу үчүн абаны калыбына келтирүү системасы орнотулган.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Хью Ридделл Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана Агартуу министрлигин Улуттук пландын алкагында бул моделди өлкө боюнча масштабдоодо колдоп жатканына кубанычта экенине токтолду.
“Бул мектептер Дүйнөлүк банктын колдоосу менен сейсмотуруктуулукту жогорулатуу максатында курулган 40 мектептин бири. Бул жерде энергонатыйжалуу технологиялар жана стандарттар киргизилгенин, ошондой эле заманбап санитардык-гигиеналык шарттар жабдылгандыгын белгилеп кетүү өзгөчө жагымдуу. Дүйнөлүк банк Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана Агартуу министрлигин Улуттук пландын алкагында бул моделди өлкө боюнча масштабдоодо колдоп жатканына кубанычтабыз”, - деди ал.
Белгиленгендей, жаңы мектептерде санитарияга өзгөчө көңүл бурулган. Бардык имараттарда заманбап жергиликтүү тазалоочу курулмалар орнотулуп, ички дааратканалар менен жуунучу бөлмөлөр толук кандуу иштейт. ERIK долбоору өлкө боюнча коопсуз жана туруктуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.