"112 Кыргызстан" тиркемесине жер титирегендиги тууралуу билдирүү жөнөтүү функциясы киргизилет - ӨКМ

Интервью Загрузка... 28 Март 2025 16:45
WhatsApp Image 2025-03-28 at 16.42.44.jpeg
copyright icon Амангелди Акуновдун өздүк архивинен

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабар, шашылыш эскертүүлөрдү берип, кырсык учурунда жүрүм-турум, жардам көрсөтүү эрежелери тууралуу маалымат берүүчү “112 Кыргызстан” тиркемеси иштейт. Жакында бул тиркеме аркылуу өлкөдө катталган жер титирөө тууралуу маалыматты автоматтык түрдө билүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

ӨКМ коопсуздукту сактоо максатында аталган тиркемени Аpp Storе жана Play Маркет аркылуу, ошондой эле төмөнкү шилтеме менен https://play.google.com/store/apps/details?id=com.yorc.iamsmobile уюлдук телефонго көчүрүп алууну сунуштайт. “Кабар” маалымат агенттиги аталган тиркеме боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары менен маектешти.

- Кутман күнүңүз менен Амангелди Маматазимович, алгач сиздердин министрлик тарабынан иштелип чыккан “112 Кыргызстан” тиркемеси тууралуу маалымат берсеңиз?

- “112 Кыргызстан” тиркемеси алгач 2016-жылы иштелип чыгып, жалпы мамлекеттик элге кабар жеткирүү жана кабарлоо системасынын бир элементи болуп эсептелет. Тиркемени иштеп чыгуудагы негизги максат Кыргызстандын калкына өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу жаралган учурда ыкчам, шашылыш түрдө маалыматтарды жеткирүү. Өзгөчө кырдаалдарда маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, жардам көрсөтүүлөрдү оңойлотуу болуп эсептелет. 2024-жылдын октябрь айында тиркеменин жаңы версиясы иштелип чыгып, Аpp Storе жана Play Маркетке коюлгандан бери 3 миңден ашуун көчүрүп алуулар болду. Жыл башынан бери активдүү колдонуулар болуп, тиркеме аркылуу 300дөн ашуун кайрылуулар келип түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бул тиркемесин ар бир жаран уюлдук телефонго көчүрүп алып, кыргыз, орус жана англис тилинде колдонсо болот. Негизгиси тиркеме аркылуу жарандар өздөрү кабылган кырсык тууралуу ӨКМге маалымат берип жардам ала алышат жана ӨКМдин шашылыш эскертүүлөрү менен кабардар болуп турушат.

- Жер титирөө боюнча маалымат ушул тиркеме аркылуу жөнөтүлөбү?

- Жер титирөө боюнча маалыматты алдын ала билүү кыйын. Азыркы учурда андай технология жокко эсе. Болгону 30-40 секунд, көп учурда бир мүнөткө чейин гана алдын ала билүүгө мүмкүн. Учурда сейсмикалык датчиктерди Telegram социалдык тармагынын мессенджерине гана автоматтык түрдө маалымат келгидей кылып Борбордук Азиядагы жер изилдөө институтунун (ЦАИИЗ) жардамы менен байланды. Ага төмөнкү шилтеме аркылуу кирип https://t.me/kyrgseism , маалымат алсаңыздар болот. Эгер жер титирөө катталса дароо бул тесттик режимде иштеп жаткан каналга титирөөнүн күчү канча балл болгондугу, очогу кайсы жер экендиги тууралуу толук маалымат автоматтык түрдө келет. Эми ушул кызматты тиркемеге киргизүү пландалууда. Тиркемеге 4,5-5 баллдан жогорку жер титирөөлөр боюнча билдирүүлөр келгендей болот. Ал эми 3-3,5 баллга чейинки жер титирөөлөр күнүгө болуп, бизге алар сезилбейт. Азыр Telegram каналга 1,5-3,5 балл болсо да маалымат келет. Эми ушул кызмат тиркемеге байланат.

- “112 Кыргызстан” тиркемеси кандай иштейт? Ушул боюнча кененирээк айтып берсеңиз

- Көбүнчө кырсыкка кабылган, жолдо, ашууларда калган жарандар, туристтер билдирүү жиберип кайрылышат. Мында өзгөчө кырдаал жөнүндө кабарлоо категориясы аркылуу жарандар же туристтер куткаруу кызматына окуя болгон жер, кандай кырсык катталгандагы тууралуу билдирүүнү текст, сүрөт, видео же үн аркылуу жөнөтүшөт. Ар кандай кырдаалдар болот эмеспи, мүмкүн мүмкүнчүлүгү чектелген жаран кырсыкка кабылса текст, сүрөт же видео түрүндө билдирүү жибере алат. Ал билдирүү дароо бизге келип түшүп, ыкчам жардам көрсөтүлөт. Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборунда 24 саат иштей турган оперативдүү-ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн дайыма иштеп турган мониторуна билдирүү түшөт. Шашылыш жардамдарга муктаж болгон жарандардан маалымат келип түшөөрү менен аларга атайын жардам көрсөтүү топтору жөнөтүлөт. Ал эми биз тараптан тиркеме аркылуу жарандарга аба ырайы, жаратылыштагы кооптуу учурлар боюнча шашылыш билдирүүлөр push-эскертмелер менен жөнөтүлөт. Push-эскертмелер – бул жарандын компьютеринин же уюлдук телефонунун экранынан дароо ошол замат чыгуучу билдирүү.

- Тиркемеде эмне үчүн жаран өлкөнүн кайсы облусунда жайгашкандыгын белгилөөсү зарыл?

- Жайгашкан жер тууралуу белгилөөдө жаран өзү жашаган же өзүнө зарыл болгон аймакты белгилеп, ошол аймак тууралуу гана билдирүүлөрдү кабыл ала алат. Мисалы, Бишкекти белгилесеңиз борбор калаага тиешелүү гана билдирүүлөр келет. Баткен, Ош же Нарын облустары боюнча билдирүүлөр чектелет. Экинчиси жардамга муктаж болгон адамга ыкчам топту же шашылыш жардамдарды жөнөтүү так жана тез болот. Адамдын турган жерин билсек, биз ошол жерге кайсы тараптан куткаруу топторун, күч түзүмдөрүн тартуу тез, оңой болоорун аныктай алабыз. Ошондой эле жалган чалуулардын алдын алууга да бизге жардам берет. Чүйдө туруп, мен Ошто, Таласта турам мага жардам керек деген жалган чалуулар болушу мүмкүн. Бизге ал жаран кайсы жерде тургандыгы тууралуу маалымат тиркеме аркылуу автоматтык түрдө келет. Туристтер же өлкө ичинде көп саякаттаган адамдар кайсы жерде турганын билбей калса да тиркеме аркылуу геолокацияны көрүп жардамдарды жөнөтөбүз. Бул ӨКМдин ишин жеңилдетүүгө да чоң жардам берет.

- Тиркемени жакшыртуу, кызматтарын кеңейтүү жана эл арасына кеңири жайылтуу боюнча кандай иш-аракеттер пландалып жатат?

- “112 Кыргызстан” тиркемесин жакшыртуу максатында өлкөдөгү сел, жер көчкү, кар көчкүлөрдүн жүрүү коркунучу кайсы жерлерде бар экендигин так көрсөтүүчү карталарды тиркемеге киргизүүнү пландап жатабыз. Мында жарандарыбыз алдын ала карта аркылуу кайсы жерде көчкү жүрөөрүн карап, билип өз коопсуздуктарын сактоо аракет кылышат. Ошондой эле жогоруда айтылгандай, жер титирөө боюнча Telegram каналга келген билдирүүлөрдү тиркемеге киргизүү ишин пландап жатабыз. Андан тышкары, эл арасында тиркемени көчүрүп алуу, колдонууларды кеңири жайылтуу үчүн жарандарды окутуу мекемелеринде, өзгөчө кырдаалдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда маалыматтар берилүүдө. Маалымдоо каражаттары аркылуу да тиркемени колдонуу зарылчылыгы боюнча маалыматтар таратылууда. Анткени, өзгөчө жаз мезгилинде күч алган өзгөчө кырдаалдар, жолдордун жабылышы, аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү боюнча шашылыш билдирүүлөрдү алууда тиркеменин пайдасы чоң болмокчу.

- Маегиңизге чоң рахмат.