ӨКМде 210 млн сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталды – аудит

Экономика Загрузка... 21 Ноябрь 2025 15:30
WhatsApp_Image_2025-10-17_at_12.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана анын түзүмдөрүнүн 2023-2024-жылдар аралыгындагы бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудит учурунда жалпы 210,8 млн сом өлчөмүндө финансылык мүнөздөгү мыйзам бузуулар катталды.

Анын ичинен 156,8 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш сумма катары көрсөтүлүп, 66 млн сому аудит маалында кайра өндүрүлдү.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы министрликтин системасындагы бюджеттик тартипти, долбоордук башкарууну жана ички көзөмөл механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.