ӨКМ сууга түшүүдөгү айрым эрежелерди эске салды

Коом Загрузка... 27 Июль 2025 12:15
soc_913935056.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө эске алуучу айрым эрежелерди эске салды.

Ага ылайык, жайкы эс алуу мезгилинде сууга түшүү учурунда төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

  1. Жаш балдарды кароосуз калтырбаңыз. 12 жашка чейинки балдардын жанында сөзсүз түрдө аларды көзөмөлдөгөн чоң киши болушу шарт.
  2. Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Себеби андай жерлерде чуңкур, курч таштар же башка кооптуу нерселер болушу ыктымал.
  3. Спирт ичимдиктерин ичип алып сууга түшпөңүз. Спирт ичимдиктери адамдын реакциясын жайлатып, кыймыл-аракетин начарлатат. Бул сууда сүзүү учурунда өтө кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.
  4. Аба ырайы бузулуп, күн бүркөлүп, же катуу шамал башталганда сууга түшүүдө сак болуңуз. Аба ырайынын өзгөрүшү ар кандай кооптуу кырдаалдарга алып келиши ыктымал.
  5. Тамакка тоюп алып сууга түшүүгө болбойт. Анткени, тамак сиңирүү процесси организмди алсыратып, булчуңдардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Андыктан тамактангандан кийин бир аз эс алып, жок дегенде бир-эки сааттан кийин сууга түшкөнүңүз оң.
  6. Белгиленген чектен алыс сүзүп кетпеңиз. Бул чектер сиздин коопсуздугуңуз үчүн коюлган. Эгер сиз андан ашып кетсеңиз, куткаруучулар сизге жардам бере албай калышы мүмкүн.
  7. Эгер өзүңүздү начар сезип жатсаңыз, сууга түшпөй эле койгонуңуз оң болот.