ӨКМ сууга чөккөн адамга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыгуу өткөрдү

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 10:05
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын кызматкерлери сууга чөккөн адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык көрсөтмө өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө адистер жабырлануучуну суудан коопсуз алып чыгуу, дем алуусун калыбына келтирүү жана жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүү ыкмаларын практикалык түрдө көрсөтүштү.

Ошондой эле алар өз убагында жана туура көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардам адамдын өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ экенин белгилешти.