Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Күн мурун ӨКМ министри Бообек Ажикеев Оштогу каналга чөгүп кете жаздаган 7–8 жаштагы баланы аман алып калышкан куткаруучуларга медаль тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя ушул жылдын 29-июлунда катталган. Саат 18:10 чамасында Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүн аралап өткөн каналдан агып бараткан баланы куткаруучулар байкап калышкан.
ӨКМдин Суучулдар кызматында билим алып, учурда “Жанат Resort Ош” эс алуу жайында иштеп жаткан куткаруучулар баланы каналдан алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, Суучулдар кызматы 400дөн ашуун суудан куткарууга кызыккан жаштарды окутуп, аларга тастыктама берип келишет. Алар тастыктама менен каалаган суу бассейндерде, көлмөлөрдө иштей алышат.
Эскерте кетсек, быйылкы жылдын өзүндө эле ушундай билим алган куткаруучулар 40тан ашык адамдын өмүрүн сактап калышкан.