ӨКМ эскертет. Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 26 май 2025 09:45
ӨКМ эскертет. Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-27-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.