ӨКМ: Быйыл миңден ашык изилдөө иштери жүргүзүлүп, 395 эскертме жөнөтүлгөн

Коом 9 октябрь 2025 09:45
481916142_1039266304912762_571966895346877665_n.jpg
558073535_1211227217716669_7476114733686048600_n.jpg
558203493_1211227391049985_2025140820116029880_n.jpg
558284066_1211227577716633_5124902769915894895_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Быйыл өлкө аймагы боюнча 1563 изилдөө иштери жүргүзүлүп, 395 атайын эскертме жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө он эки миңге жакын ар кандай табигый мүнөздө кооптуу процесстер бар.

“2025-жылдын 9 айында жалпы 1563 изилдөө иштери жүргүзүлгөн, анын ичинен эң көп санда сел жана суу ташкындоо процесстерине 798 изилдөө иштери жүргүзүлүп, бул жалпы изилдөөлөрдүн 51%ын түздү. Ал эми жер көчкү процесстерине 245 изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1039 корутунду чыгарылып, 395 атайын эскертме каттары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлгөн”, - деп белгиледи ал.