ӨКМ башчысы Токтогулдагы куткаруу бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты

Аймак Загрузка... 23 Апрель 2026 15:30
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

ӨКМден билдиришкендей, министр алгач Токтогул районундагы "Итагар" кар көчкү станциясындагы абал менен таанышып, жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берди.

Мындан тышкары, Чыныбаев Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №97 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратында болуп, Иманалиев айыл аймагында курулуп жаткан №60 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты менен таанышты. Ошондой эле Кара-Көл шаарында жайгашкан №105 жана №94 өрт-куткаруу бөлүктөрүнө барды.

Сапардын жүрүшүндө министр куткаруучулар үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыгып, өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын көйгөйлөрүн укту.

"Куткаруучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү учурдун негизги талаптарынын бири. Биз ар дайым калктын коопсуздугу үчүн кызмат кылышыбыз керек", - деп белгиледи ӨКМ башчысы.

Министр облус аймагындагы башка бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, кооптуу аймактарга чыгуу иш-чараларын улантат.