ӨКМге 28 атайын техника жана шаймандар тапшырылды

Коом 1 июль 2025 12:00
514665648_1129953659177359_8401531325210492242_n.jpg
515381374_1129953622510696_8121222446828259772_n.jpg
514321139_1129955922510466_6143788878734401256_n.jpg
514360348_1129954489177276_1678580291838414824_n.jpg
514417959_1129955509177174_2848531351785000505_n.jpg
514436504_1129955505843841_2470747400034427535_n.jpg
514636151_1129959352510123_4289381766211732804_n.jpg
515327207_1129953752510683_2014476015830742003_n.jpg
Алдыга
Артка
514665648_1129953659177359_8401531325210492242_n.jpg
515381374_1129953622510696_8121222446828259772_n.jpg
514321139_1129955922510466_6143788878734401256_n.jpg
514360348_1129954489177276_1678580291838414824_n.jpg
514417959_1129955509177174_2848531351785000505_n.jpg
514436504_1129955505843841_2470747400034427535_n.jpg
514636151_1129959352510123_4289381766211732804_n.jpg
515327207_1129953752510683_2014476015830742003_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз куткаруучуларынын кесиптик майрамын утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалар жана шаймандар тапшырылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, техникаларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Ал куткаруучулары кесиптик майрамы менен куттуктап, жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү реалдуу коркунучтарды жаратып жатканын жана жооптуу мамлекеттик кызматтардын аларга даяр болушу чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

"Мен да бул министрликти ичинен жакшы билемин. Сиздердин министрлик табигый кырсыктардын алдын алууда, адамдардын өмүрүн коргоодо, өз убагында куткаруу жана жардам көрсөтүүдө өзгөчө маанилүү ролду ойнойт", - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мамлекет башчыларынын колдоосу менен алынган бул заманбап, атайын жана инженердик техникалар, жабдуулар жарандардын өмүрүн сактоодо, өлкө аймагындагы күтүлбөгөн кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууга өзгөчө салым кошоору шексиз экенин белгиледи.

ӨКМге жалпы 28 техника тапшырылды, анын ичинен:

  • КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа – 11 бирдик;
  • КАМАЗ (борттуу) – 4 бирдик;
  • VID жеңил унаасы – 3 бирдик;
  • Кобальт Шеврале – 6 бирдик;
  • Шеврале трекер – 1 бирдик;
  • Крузак – 1 бирдик;
  • Погрузчик – 2 бирдик.

Ошондой эле 500 даана өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки 4 жылдын ичинде ӨКМдин техникалык базасы бир топ жаңыланды. Жалпысынан министрликтин базасын 800гө жакын атайы техникалар түзсө, алардын жаңы келгени 572, калгандары оңдоп-түзөп күжүрмөн даярдыкка келтирилген техникалар түзөт. Булардын ичине авариялык куткаруу унаалары, өрт өчүрүү унаалары, жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу, адистештирилген унаалар, катер учак (самолет) жана тик учактар (тик учактар) кирет.