Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкектеги Көлмө конушундагы Жаз көчөсүндө жаңы көрктөндүрүлгөн сейил бак ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, сейил бактын аймагына отургучтар орнотулуп, жарыктандыруу системасы каралган.
Жөө адамдардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тротуарларга таман таш төшөлдү. Жашоочулардын активдүү эс алуусу үчүн кичи футбол талаасы, воркаут жана спорттук комплекстер орнотулду. Балдар үчүн оюн аянтчасы курулду.
Жашоочулар "Коопсуз шаар" системасынын алкагында видеокөзөмөл камераларын орнотуу өтүнүчү менен кайрылышты. Мэр тиешелүү кызматтарга бул маселени карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле белгиленген ченемдерге ылайык, ага чектеш жолдо жөө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү маселесин кароо тапшырылды.
Мэр мындан тышкары, ага чектеш аймактын айрым тилкелерин кошумча жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду. Анын ичинде асфальт төшөлгөн жана пандус жайгашкан тилкени иретке келтирүү маселеси белгиленди. Унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпастан, жолго ыңгайлуу жана коопсуз чыгууну камсыз кылуу тапшырылды.