Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Ош шаарында дагы бир жаңы сейил бак ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди.
Сейил бак Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, акындын ырынын саптары менен атайын инсталяция орнотулду. Ошондой эле балдар аянтчасы, воркаут зонасы да бар.
Белгилей кетсек, бул алты айдын ичинде ачылган отузунчу сейил бак болуп калды.