Оштогу Навои атындагы сейил бак жаңы эс алуу аймагына айланат

Аймак 10 Январь 2026 16:33
614340218_1220548466930715_4506037569546596035_n.jpg
612860882_1220548110264084_4520921976546403493_n.jpg
615015154_1220547286930833_295233435527182108_n.jpg
Алдыга
Артка
614340218_1220548466930715_4506037569546596035_n.jpg
612860882_1220548110264084_4520921976546403493_n.jpg
615015154_1220547286930833_295233435527182108_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багы заманбап талаптарга жооп берген жаңы эс алуу аймагына айланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бакты жаңылоо иштери шаардын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев реконструкциялоо боюнча даярдалган эскиз долбоор менен таанышып, курулушка даярдык иштерин көрүп чыкты.

Текшерүүнүн алкагында, мэр сейил бактын учурдагы абалы менен да таанышып, аймакты иретке келтирүү, айрым эски курулуштарды алып салуу жана инфраструктураны жаңылоо боюнча тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, эски борбордук базар толугу менен жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөндөн кийин, анын ордуна Ак-Буура дарыясын бойлой заманбап сейил бак куруу чечими кабыл алынган.